Ош-Бишкек жолундагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, унаа жолдун 452-чакырымында Ford Mondeo жана Toyota Mark X унаалары кагышып, өрт чыккан. Кырсыктан үч адам жабыркап, Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда алардын өздүгү такталууда.
Окуя 30-ноябрда катталган. Жерине куткаруучулар жана бир күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 19:10до толук өчүрүлгөн.