Араванда белгисиз адамдар үйгө кирип келип, адамдардын колун байлашкан: Милиция үн катты

Араван районунда турак үйгө кирип келип, ичиндеги адамдарды коркутуп, колдорун байлап, акча талап кылганга шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 30-ноябрда эртең менен Араван райондук ИИБнын кызматкерлери, Анаров айыл округунун тургунунун үйүнө белгисиз адамдар кирип келип, үй ээлеринин денесине жаракат келтиргендиги тууралуу маалымат алышкан. Окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери чыгып, окуянын чоо-жайын тактоо учурунда төмөнкүлөр аныкталган. 29-ноябрь күнү саат 19:30 чамасында ок атуучу курал жана бычак менен куралданган камуфляждык кийим жана бет кап кийген эки адам көрсөтүлгөн дарекке киришкен. Бул учурда үйдө 61 жаштагы үй-бүлө башчысы, анын кызы, келини жана башка коноктор болгон.

Кол салгандар аларды өлтүрөбүз деп коркутуп, баарын байлап, акча жана баалуу буюмдарды талап кыла башташкан. Кол салгандар үйдөн сейфти таап алышып, аны ачууга аракет кылып, бирок ачкычтарын сындырып алышкан.

Кийинчерээк үйдүн кожойкеси конокторунан үйүнө кайтып келип, эмне болуп жатканын көрүп, ызы-чуу салган. Кол салгандар сейфти ачуу мүмкүн эмес экенин түшүнүшүп, накталай акчаларды, ар кандай үлгүдөгү алты телефонду жана башка буюмдарды алып качып изин жашырып кетүүгө шашышкан. Жабырлануучулар шок абалында болушкан, бирок кылмыш тууралуу милицияга билдирүүгө шашылышкан эмес. Ал эми милиция кызматкерлерине башка жарандардан каракчылык тууралуу маалымат түшкөн.

Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголгон.

"Трассадан анча алыс эмес жерде Араван районунун чыга беришиндеги камыштын арасынан милиция кызматкерлери шектүү адамдарга тиешелүү буюмдарды табышкан. Табылган сумкада бир нече камуфляж костюмдары, кроссовкалар, маскалар, бычактар, скотч болгон. Бул кол салгандар кылмышка кылдат даярданышканынан кабар берет.

Кылмышка шектүүлөр түштүк аймагынын сыртына качып кетишкени аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан Ош облусунда туулган, учурда Чүй облусунун Сокулук районунда жашаган 1985-жылы туулган мурда соттолгон С.Ж. аттуу жаран кармалган. Экинчи кармалган адам Казакстандын жараны, Алматы шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Ч.А., алынган маалыматтарга караганда, мурда адам өлтүрүү фактысы боюнча соттолгон", - деп билдиришти ИИМден.

Учурда тоноочулукка тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан