Бишкекте жаш кыздарды сойкулукка үндөөгө шектелип 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 30-ноябрда өткөн "Притон-Бобочка" аталышындагы профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бөкөнбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде жашы жете элек эки кыз, 2007-жылы туулган А.М. жана 2006-жылы туулган М.С., аттуу кыздар интимдик кызмат көрсөтүп келгени аныкталган.
Бул фактынын негизинде милицияга 1987-жылы туулган А.К. аттуу аял киши жеткирилип, кылмыш иши козголду.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.