Ошто интимдик кызмат көрсөтүп келген кыздар кармалды 

Ош шаарындагы мейманканада интимдик кызмат көрсөтүп келген кыздар аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милиция кызматкерлери тарабынан бир нече дарек боюнча алдын ала алынган ыкчам маалыматтар текшерилди.
Натыйжада, Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүндө жайгашкан кафенин жер төлөсүндө орун алган мейманкана текшерилип, ал жерде жашыруун жай бар экендиги аныкталган. Аны уюштурган, ал жерде иштеген кыздарга шарттарды түзүп берген Н.Ш. аттуу жаранга карата кылмыш иши козголду.
Ал жерде 1991-жылы туулган О.Ж., 1998-жылы туулган Ю.С., 1994-жылы туулган К.М. жана 1997-жылы туулган С.Х. аттуу кыздар кызмат көрсөтүп келгени аныкталган. Алар милицияга жеткирилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан