Goal.com интернет-порталы "Евро-2024" турнириндеги негизги талапкерлердин рейтингин жарыялады.
Тизмеде биринчи орунда Франция курамасы турат. Рейтингдин түзүүчүлөрү экинчи орунду Португалияга беришти. Англия үчүнчү орунду ээледи. Учурдагы Европа чемпиону болгон италиялыктар 11-орунга жайгашты.
Рейтинг 2-декабрда өткөн тайпалык баскычтын чүчү кулак кармоону эске алуу менен түзүлдү.
Алдыдагы турнир 17-ирет өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионаты. Мелдеш төрт жылда бир жолу Европанын футбол ассоциацияларынын биримдигине кирген улуттук командалар арасында өткөрүлөт. 2018-жылдын 27-сентябрында турнир Германияда өтөрү белгилүү болгон.