Жалал-Абад шаарында интимдик кызмат көрсөткөн жайларда кызмат көрсөтүп жүргөн 2 кыз кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдир ылайык, атайын рейддик иш-чаранын алкагында Жалал-Абад шаарынын аймагында интимдик кызмат көрсөткөн жайларга рейд өткөрүлгөн.
"Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн биринде түнкүсүн интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн кыздар Ош облусунун тургуну У.Т. жанан Бишкек шаарынын тургуну Т.М. кармалды.
Бул факты Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, аларга карата керектүү кагаздар толтурулуп, түшүнүк каттары алынды", - деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБ мындай рейддик иш-чаралар дагы да улантыларын белгиледи.