Ырчы Жонни жакында ата статусуна ээ болот. Мындай жагымдуу жаңылыгы менен ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Бүгүн биз үйлөнгөн күнүбүздө сиздер менен жагымдуу жаңылыгыбыз менен бөлүшкүбүз келди. Биз жакында ата-эне болобуз. Биз чексиз кубанычтабыз, бул биз үчүн чоң бакыт.
Учурда биз укмуштуудай сезим менен жашоонун сыйкырдуу бөлүгүн өткөрүп жатабыз", - деп билдирген Жонни.
Айта кетсек, ырчы Жонни жубайы Айжан менен 2020-жылы ноябрь айында баш кошкон.