Словакияда иштеген Кубат: "Жумушта орус тилинде сүйлөшөбүз, бирок англисче билгендерге мүмкүнчүлүктөр көп" (маек)

SUPER.KG порталы чет өлкөдө эмгектенип жаткан мекендештердин бейнеси менен тааныштырууну улантат. Бул жолку чыгарылышта учурда Словакиянын Сенец шаарында иштеп жаткан Кубат Жылдызбек уулу жумушу, пландары жана аталган өлкөдөн алган таасирлери тууралуу кеп кылды.

Кубат Жылдызбек уулу 21 жашта. Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Атай айылында туулган.

- Кубат, айтсаңыз, Словакияга барышыңызга эмне себеп болду? Европада Англия, Германия өңдүү чоң өлкөлөр турганда бул өлкө сизди эмнеси менен арбап алды?

- Түшүнүктүү болушу үчүн сөзүмдү башынан баштайын эми. Мен туулуп-өскөн айылымдан мектепти аяктап, эл катары Бишкекке сапар тарттым. Атам борбордо болчу. Мен келгенде атам Словакияга барарын айтып, көп узабай эле кетти. Мен болсо шаарда иштеп жүрдүм. Эки жылдай иштедим окшойт. Анан атам иш жакшы болуп жатканын айтып, мени дагы чакырды. Бул кичинекей кооз өлкөгө ушинтип келип калдым десем болот. Азыр менде баары жакшы, өз нугунда. Сенец деген шаарда иштегениме бир жылдан ашып калды.

- Словакияга кайсы жол менен барып калдыңыз?

- Бул жакка борбордогу компаниялардын бири аркылуу келдим. Алгач керектүү документтердин бардыгын тапшырдым. Кийин визаны Алматыга барып бүтүрүп келдим. Эки ай убакыт ичинде визам даяр болгонун кабарлашып, Стамбул аркылуу учарымды айтышты. Кыскасы бул жакка келерден мурун Астана менен Стамбулду дагы көрүп алдым десем болот.

- Бир чети сиз үчүн саякат дагы болгон турбайбы...

- Ооба, ушул жылдын жай айында жумушумдан өргүү алып Кыргызстанга барып келдим. Келерде Дубай шаары аркылуу Австриянын борбору Венага учуп, анан Словакияга келдим.


- Ал жакта эмне жумуш менен алектенесиз?

- DSV NIVEA деген кампада жумушчумун. Бул жакта шампунь, гель чыгарылат. Биз чыккан товарларды тизип, кампасына ташып жеткиребиз. Андан ары экспортко кетет.

- Жашоо шарты кандай болуп жатат? Компания убада кылгандай шарттар аткарылдыбы?

- Келишимде көрсөтүлгөн боюнча болду. Алар мага жумуш таап беришти. Бирок өз алдымча айлыгы мындан дагы жакшы иш издеп, ушул фабрикага которулуп кеткем. Жатаканада бардык шарттар бар. Жумуш убактысында бир маал тамак берилет. Ал эми иш убактысынан тышкары тамакты өзүбүз жасап жейбиз.

- Тамак-аш жаатында кандай айырмачылыктар бар? Баасы, даамы дегендей...

- Башында мен үчүн супсак болуп жаткан. Бул жагынан мага бир аз кыйыныраак болду десем дагы болот. Азыр жакшы, көнүп калдым. Баасына келсек Кыргызстандан бир аз кымбатыраак.


- Словакияда мекендештер менен жолугуп турасызбы?

- Ооба, Сенец шаарындагы мекендештер болуп аптасына бир жолу футбол ойноп турабыз. Бардыгыбыздын ортобуздагы мамилелер бир туугандай эле болуп калды. Кээде Европадагы кыргызстандыктар футбол уюштурушуп калышат, ага да катышабыз.

- Мекенге качан келейин деген пландарыңыз бар?

- Азырынча толук чече элекмин. Бирок 3 жыл аралыгында деп турам. Ага чейин өзүмдүн планымдарымды ишке ашырууга жеткидей каражат топтошум керек.

- Акыркы жылдары кыргыз жаштарынын көбү Орусиядан четтеп, Европага иш издеп барышууда. Ал жакка кызыккан жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Эң негизгиси англис тилин үйрөнүп келишсе дейт элем. Биз азыр жумушта орус тилинде сүйлөшөбүз. Бирок англис тилин билген жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр көп. Анан чет жердеги мекендештер иштеген жеринен көп нерсени үйрөнгөнгө аракет кылышса жакшы болот деп ойлойм. Кыргызстанга кайтып барганда үйрөнгөнүн жасаганга эмнеге болбосун?

- Маегиңдин башында Словакияны кооз өлкө деп калдыңыз, сизге өзгөчө жакканы эмнелер болду?

- Словакия аймагы кичинекей болгону менен табияты кооз, тоолуу өлкө. Мени тартып турганы дагы тоолору болсо керек дейм. Чындыгында Кыргызстанга окшоштуктары бар. Абасы дагы мээлүн келип, кышында жылуу, жайында салкын болот. Бирок Кыргызстандан кичинекей болгону менен тез өнүгүп келе жаткан өлкө.

- Маек үчүн чоң рахмат! Мекенге аман-эсен кайтып келишиңизге тилектешмин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан