Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатыкка чыгарууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзам долбоорун депутат Улан Бакасов демилгелеген. Ал мыйзам долбоору Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун коргоого, энергетикалык суусундуктарды керектөөнүн кесепеттеринен келип чыккан ооруларды кыскартууга багытталганын белгиледи.
"Энергетикалык суусундуктарды көп ичүү ден соолукка кооптуу. Кофеиндин оор дозалары жүрөктүн олуттуу көйгөйлөрүнө алып келет жана анын көмүр кычкыл газы жана кант менен айкалышы ашказан жана боор үчүн коркунучтуу. Ал тургай энергияны сейрек колдонуу аритмияга жана башка көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Өзгөчө бул жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары менен ооруган адамдар үчүн тиешелүү болуп саналат", - деди эл өкүлү.
Ошондой эле ал Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жашы жете электерге сатууга тыюу салуу жаш муундар үчүн жетиштүү чектелбей жатканын кошумчалады.
Талкуу маалында депутаттар сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдоп, бул демилге калктын, өзгөчө жаш муундун ден соолугун коргоого багытталганын баса белгилешти.
Депутат Айбек Маткеримов "Энергетикалык суусундуктардын зыяндуулугу боюнча улуттук изилдөөлөр жүргүзүлгөнбү?" деген суроону узатты. Буга саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева бул багытта эч кандай изилдөөлөр жүргүзүлбөгөнүн, расмий статистика жок экенин маалымдап, ошол эле учурда министр аталган суусундуктардын терс таасири тууралуу илимий далилдер бар экенин кошумчалады.
Ал эми комитет төрайымы Винера Раимбачаева анын медициналык практикасында энергетикалык суусундуктарды ичкенден кийин жүрөк оорулары менен кайрылуулар көп кездешкенин белгиледи. Муну менен катар эл өкүлү энергетикалык ичимдиктерди ташып келүү тартиби боюнча маселелерди тактады. Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов 2014-жылы кабыл алынган техникалык регламентке ылайык, энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө тыюу салууга жол берилерин билдирип, бирок тыюу салуу мөөнөтү 6 айдан ашпаш керек деди.
Ошондой эле кант диабети менен ооруган балдардын саны жыл сайын өсүп жатканын айткан Раимбачаева, энергетикалык суусундуктардын курамында түрдүү стимуляторлордон тышкары кумшекер да өтө көп экенин белгилеп, бул маселени тыкыр иликтөөгө чакырды.
Жыйынтыгында сунушталып жаткан мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.