Бишкекте 16-декабрда
орусиялык режиссёр Лариса Садилованын “Она” аттуу толук метраждуу көркөм
тасмасынын бет ачары болду. Бул тууралуу
“Айтыш фильм” киностудиясынын басма сөз кызматынын өкүлү Чолпон
Идирисова билдирди. Анын айтымында, Лариса Садилова көптөгөн эл аралык
сыйлыктардын лауреаты болуп эсептелет. “Она” тасмасы жигитинин артынан Москвага
келген Мая аттуу тажик кыз тууралуу тартылган. Ал Орусияга келип жигити
таштап кеткенин түшүнөт.
Кыздын ролун 17 жаштагы Дүйшөмбү шаарынын тургуну
Нулифар Файзиева жараткан. Фильмдин
үстүндө кыргыз, тажик, өзбек улуттарынан турган топ иштеген. Аталган тасма бир
нече кинофестивалда сыйлыкка татыктуу болгон.
Белгилей кетсек, Лариса Садилова КМШ өлкөлөрү
арасындагы 3-Эл аралык “Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу
кинофестивалда калыстар тобун жетектеген.