Токтогулда мал уурдоо менен шугулдангандар кармалды. Алардын үйүнөн ок атуучу курал табылган

Токтогулда мал уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБине 2 жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучулар 4-ноябрдан 28-ноябрга чейинки аралыкта сарайларынан 1 баш бодо мал жана 3 баш койлорун уурдатып жибергенин билдиришкен. Натыйжада мал ээлери 150 миң сомдук материалдык зыянга учурушкан.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары аталган райондун Үч-Терек айыл аймагынын тургундары 1998-жылы туулган К.Ж., 2002-жылы туулган К.Б. жана Чүйдөгү Москва районунун тургуну 2002-жылы туулган А.А. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Токтогул райондук сотунун токтомунун негизинде К.Ж.нын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, уурдалган малды сойгон 2 даана ашкана бычагы, мыйзамсыз сакталган 1 даана сайлуу, 1 даана сайсыз ок атуучу куралдары октору менен табылып алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан