Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы баракчасына пост жүктөп, саясаттагы карьерасын токтотконун жазды.
Анда ал өз айылына курган социалдык объект социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратканын байкадым деп баштаган.
"Мени мамлекеттик кызматка кайра келет деген ушак-айыңдар чыгып, талкуу жаратып жибериптир… Бирок мен дагы бир жолу ачык жана түз айткым келет: мен саясаттагы карьерамды токтотком, ал өткөн чакта гана болгон иш. Саясат мен үчүн элге жардам берүү мүмкүнчүлүгү болгон... Мен өзүмдү толугу менен бизнеске, кайрымдуулукка арнадым. Бул аркылуу адамдарга жардам берип келгем жана улантам. Андыктан менин эч бир ишимди саясат менен байланыштырбооңуздарды суранам", - деп жазган.
Экс-премьер айылына курулган имарат ар бир мыгынан баштап, дизайнына чейин жан дүйнөсүн чагылдыра турган имарат болгонун белгилеген.
Ошондой эле ал "Өзгөчө ыраазычылыгымды Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Тургунбековичке жана УКМК жетекчиси Камчыбек Кыдыршаевичке билдиргим келет. Колдоо көрсөтүп, ачылышка катышкандыгыңыздар мен үчүн жана айылдаштарым үчүн өзгөчө колдоо болду. Мамлекетибиздин Президенти Садыр Нуркожоевичке колдоо көрсөтүп, бизнеске шарт түзүп бергени үчүн терең ыраазычылык билдирем, ошонун негизинде ушундай жакшы иштерди аткаруу мүмкүн болду", - деп кошумчалаган.