Бишкек шаарында грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, мелдеш “Манас” эпосунун күнүнө карата уюштурулду. Ага Орусия, Казакстан, Швеция, ошондой эле Кыргызстандын аймактарынан келген спортчулар катышты.
"Эң мыкты жыйынтыктоочу жолугушуу үчүн" турниринин эстелик кубогу төмөндөгүлөргө ыйгарылды:
- 72 килограмм салмакта Новосибирск шаарынан келген спортчу Грайр Оганесян;
- 82 килограмм салмакта Казакстандын спортчусу Калтай Дияс;
- 67 килограмм салмакта Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин спортчусу Сабит Шамшединов;
- 60 килограмм салмакта «Ак илбирс» спорт мектебинин спортчусу Туратбек уулу Саид.