"Эми экинчи тилкеден бурулууга болот". Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүндө жол белгиси өзгөрдү (сүрөт)

Бишкектеги Аалы Токомбаев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол белгилери өзгөртүлдү. Бул тууралуу "Бишкекасвальтсервис" муниципалдык ишканасынан кабарлашты.
"Жол кыймылын уюштурууну жакшыртуу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Байтик баатыр жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол белгилерин өзгөрттү.
Эми экинчи тилкеден солго бурулууга уруксат берилет: батыштан түндүккө, чыгыштан түштүккө жана түндүктөн чыгышка", - деп билдиришти аталган муниципалдык ишканадан.
Белгилей кетсек, тиешелүү белгилерди "Бишкекасфальтсервис"муниципалдык ишканасынын кызматкерлери алмаштырышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан