Волейбол боюнча клубдар арасында федерациянын президентинин кубогу башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, кечээ, 5-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында Волейбол федерациясынын президентинин клубдар аралык мелдеши башталды.
"Салтанаттуу ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, волейбол федерациясынын президенти Эльмурза Сатыбалдиев жана Жогорку кеңешинин депутаттары катышты",-деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, республиканын бардык аймактарынан келген командалар катышып жатат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.
Белгилей кетсек, жарым финалдык жана финалдык беттештер 11-12-декабрь күндөрү "Газпром балдарга" ден-соолукту чыңдоо борборунда өтөт.