Бишкекте опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Бишкекте опузалап акча талап кылуу боюнча шектүү жаран кармалганын бүгүн, 6-декабрда Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-декабрда М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучу чала таанышы ушул эле жылдын февраль айынан ушул күнгө чейин анын интимдик сүрөттөрүн жайылтам деп опузалап акча талап кылып жүргөнүн айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1990-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран 20 миң сом накталай акча алып жаткан жеринен кармалган. Ал Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан