Чек арадан 100 миңден ашык долларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Бүгүн, 6-декабрда "Достук-автожол" көзөмөл өткөрүү жайында акча каражатын мыйзамсыз алып өтүү фактысына бөгөт коюшкандыгын УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, болжол менен саат 9:35те “Достук-автожол” өткөрүү жайында 1986-жылы туулган К.А. аттуу жарандан 103 миң 200 доллар (9 217 276 сом) табылган.

Кармалган жаран бажы мыйзамын кыйгап өтүп, акча каражаттарын декларациядан өткөрбөстөн алып өтүүгө аракет кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан