Бүгүн, 6-декабрь күнү бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев Дүйнө чемпиондугунан кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, мушкерди "Манас" эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, бокс федерациясынын вице-президенти Нурсултан Мойдунов, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов жана жакын туугандары, достору тосуп алышты.
Белгилей кетсек, Амантур Жумаев Ереван шаарында (Армения) өткөн Дүйнө чемпиондугунда 1-орунду ээлеп, 52 килограммга чейинки салмакта Дүйнө чемпиону атанды.
Ошондой эле 21-октябрдан 4-ноябрга чейин Астана шаарында (Казакстан) өткөн Азия чемпиондугунда алтын медаль тагынып, жаштар арасында Азия чемпиону болгон.