Элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине катталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Ушул тизмени 2003-жылы акын, дастанчылардын ЮНЕСКОго “бүткүл адамзаттын шедеври” деген катталуусу менен (ыраматылык Бексултан Жакиев менен чогуу) баштап берди элек. Андан бери 20 жыл өтүптүр", - деп жазган элчи 20 жылдык тарыхы бар сүрөттөр менен бөлүштү.
Элечек - аялдардын баш кийимдеринин бир түрү. Ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролгон бул баш кийимдин баш кеп, сала коймо, ээк алмай, астыңкы жана үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар.
Аны айымдар турмушка чыккандан тарта кийип баштаган.
Элечек кышы-жайы дебей аялдардын башынан түшкөн эмес.