Ошто аскердик кызматын өтөп жаткан жоокер октон улам каза болду

Кечээ, 6-декабрда куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен УКМКнын чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2005-жылы туулган Э.Р. аттуу жоокер АК-74 автоматынан кокусунан ок чыгарып алган.

"Медициналык жардам көрсөтүүгө болгон бардык аракеттерге карабастан аскер кызматкери алган жараатынан улам каза болгон. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер аскер кызматкеринин каза болгонун тастыкташты. Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. Окуя болгон жерде иш-чаралар жүргүзүлүүдө”, - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан