Ташкентте Өзбекстандагы эң таасирдүү кримавторитеттердин бири Салим Абдувалиев кармалды

Ташкентте укук коргоо кызматкерлери Өзбекстандагы эң таасирдүү жана авторитеттүү адамдардын бири саналган, "Салимбай" жана "Салмбойвачча" лакап аттары менен таанылган ишкер Салим Абдувалиевди кармашты. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 73 жаштагы ишкер кылмыш-жаза кодексинин 248-беренесинин 1-бөлүгү («Мыйзамсыз ок атуучу куралды сактоо») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

2017-жылдын январынан бери Салим Абдувалиев Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана Күрөш ассоциациясынын жетекчиси болуп иштеп келген. 2015-жылы спорттук ишмердүүлүккө кошкон салымы үчүн Абдувалиев «Дустлик» ордени, 2021-жылы спортко эмгек сиңирген машыктыруучу наамы менен сыйланган.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы буга чейин Өзбекстандын борборунда “көчө бандаларын” жана кылмыштуу топторду аныктоо жана кармоо боюнча ири рейддер жүргүзүлүп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан