SUPER.KG порталынын кезектеги каарманы Мустафакул Шамшиев болду. Каарманыбыз "Дордой" базарында күндүзү араба түртүп, кечкисин базарды шыпырып эмгектенет. Колу-буту аман болуп туруп кайыр сураган адамдарды көргөндө ачуусу келерин айткан каарманыбыз 5 баланын атасы.
Каарманыбыздын айтымында, бир күндө 4 кардар бир убакта чалып каларын айтып, жетишпей калса тааныштарына берип коёт. Ошондой эле ал кардарлар аябай жакшы мамиле жасаарын кошумчалады.
"Мага бир убакта 4 кардар чыгып калган учурлар көп учурайт. Өзүм жетишпей баратсам сөзсүз түрдө тааныштарыма берип коём. Негизи кардарлар бизге аябай жакшы мамиле кылышат. Кээ бир учурда биздин күчүбүз жетпей калган учурда өздөрү да жүктөшкөнгө жардам беришет. Колу ачык кардарларыбыз да бар. 300 сом сурасаң 500 сом беришет",- дейт каарманыбыз.
Ошондой эле ал буга чейин каробка, баштык терип иштеп жүргөндүгүн айтты.
"Мен мурда каробка, баштык терип иштеп жүргөнмүн. Бир күнү ушул араба түрткөн балдардын бирөөсү "байке, сиз минтип каробка тербей, араба түртүп эле иштесеңиз" деп калды. Балдар айтышкандай каробка тергенге караганда араба түрткөндөр чынында эле көп акча табышат экен. Ошентип араба айдап калгам", - деп кошумчалады Мустафакул Шамшиев.
Мындан тышкары ал бир кардардын 47 миң сомдук товарын жоготуп алып учурда ошону төлөп жаткандыгын айтты.
Кененирээк төмөнкү видеодон көрүңүз.