Видео байкоого түшүп калган. Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү катары аял киши кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-сентябрында А.Ш. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Арыздануучу ошол эле күнү болжол менен кечки саат 18:00 чамасында 10000 сом турган Samsung GalaxyJ6 маркасындагы уюлдук телефонун уурдатканын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205- ( Уурдоо ) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция тарабынан 1979-жылы туулган Э.Г. аттуу шектүү кармалып, өзүнүн чөйрөсүндө "Малышка" деген каймана ат менен таанымал экени аныкталган.

Кармалган жаран Кылмыш- жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

ууру
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан