Бишкекте кызга "Өзүм төлөйм" деп iPhone 14 Pro Max алдырып, из жашырып кеткен жигит кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 23-ноябрда милицияга арыз менен кыз кайрылган. Анын айтымында, 24-июнда соода борборлорунун биринде "Д" аттуу жигит аны көндүрүп, "өзүм төлөйм" деп 125 миң сом өлчөмүндөгү iPhone 14 Pro Max телефонун бөлүп төлөө шарты менен сатып алдырып, из жашырып кеткен.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

"Свердлов РИИБнин ыкчам кызматкерлери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган С.Д.ны кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан