Бишкекте тоноого шектелип мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, ушул жылдын июль айында белгисиз адам коркутуу жолу менен борбор калаанын тургунунун 20 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүмү (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары Нарын облусунун тургуну 1983-жылы туулган С.К. кармалып, анын мурда бир нече жолу соттолгону жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгы аныкталды.
Учурда тергөө иштери уланууда.