Түндө Бишкекте унаа оңдоочу жай өрттөнүп, 40 чет элдик жаран эвакуацияланды (фото)

Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө кечээ, 7-декабрь күнү саат 20:22де Октябрь районунан 3 күжүрмөн эсеп жана штаб жөнөтүлгөн. Өрт өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен тилсиз жоо саат 21:18де чектөөгө алынып, саат 22:13тө толук өчүрүлгөн.
"Кырсыктын кесепетинен унаа оңдоочу жайга жанаша салынган жатакана түтүнгө толуп, мында жашаган чет элдик 40 жаран куткаруучулардын жардамы менен коопсуз жайга эвакуацияланды. Бөлмөдө калып калган дагы бир адамды газ түтүндөн сактоо тобу алып чыгып, ага алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Учурда анын абалы жакшы", - деп билдиришти ӨКМдан.
Ал эми унаа оңдоочу жайдын болжол менен 40 чарчы метри өрттөнгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан