Тоңдо айыл өкмөттүн орун басары 100 миң сом пара берип жатканда кармалды (фото)

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн орун басары пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

5-декабрда козголгон кылмыш ишинин алкагында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн орун басары Б.Ш. УКМКнын кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган.

Такталгандай, УКМК кызматкерине Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан 2 жарым миллион сомго автотранспорт каражаттарын сатып алуу боюнча өткөн тендердеги мыйзамдардын бузууларды текшерүүнү токтотуу маселесинде оң чечим чыгаруу үчүн пара катары берилгени аныкталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан