Режиссёр Ырысбек Жабиров социалдык тармактарда талкуу жаратып жаткан видеосу толук эмес экенин айттып, социалдык баракчасына пост жазды.
"Концерт алдында куудул ага-инилериме сүйлөгөн сөзүмдү кыркып алып, аны талкууга койгон адамдарга жана ал видеону толук көрбөй комент жазган туугандарга айтаарым, бир аз анализ жүргүзүп жазсаңар. Видео толук эмес. Анда куудул инилериме саясаттан башка темаларга кайрылгыла, азыр көрүүчүлөр саясаттан чарчаган. Бир депутат минтип айтты деп жүрүп, чыгармачылык изденүү болбой жатат деп айткамын. Ошол учурда сүйлөгөн сөзүмдү бирөө тартып алып Тик Токко чыгарган экен. Эми менин сөзүмдү ким кандай түшүнөт, ар кимдин өз иши", - деп жазган.
Буга чейин соцтармактарда Ырысбек Жабировдун куудулдарга "оппозициялык сөздөрдү сүйлөбөгүлө" деген видеосу тарап, талууга алынып жаткан. Видео 6-декабрда куудул Рахман Разыковдун жаркын элесине арналган концертте тартылып, тамада Насият Асаналиева сторисине жүктөгөн.