Саламаттык сактоо министрлигине 107 тез жардам унаасы тапшырылды

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына 107 даана тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башкалар катышты.

"Бүгүнкү иш-чаранын себеби - экономикалык жана стратегиялык өнөктөшүбүз Орусиянын колдоосу менен COVID-19 кесепеттерин жоюу долбоорунун алкагында жалпы суммасы 3 миллион доллар болгон 107 унааны өткөрүп берүү.

Белгилей кетсек, 3 жылдын ичинде 335 жаңы медициналык тез жардам унааларын, ошондой эле тез санитардык транспорттук каражаттарды алдык. Албетте, элдин бакубаттуулугу, мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү саламаттыкты сактоо системасынын туура уюштурулушунан көз каранды. Коронавирустук пандемия дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде биздин өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасынын бардык алсыз жактарын көрсөттү. Ооруканаларыбыздын, поликлиникаларыбыздын материалдык-техникалык базасын жакшырта баштадык жана көптөгөн атайын жабдыктарды сатып алуудабыз", - деди Акылбек Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан