Чүйдө автоунаадан ири суммадагы акча урдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-ноябрында милицияга 1989-жылы туулган Р.В. аттуу жаран кайрылып, Лебединовка айылындагы үйлөрдүн жанында токтоп турган автоунаасынын ичинен 1 680 000 сом акчасын уурдап кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 1-беренесине (Уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолуп, жакында эле абактан чыккан А.А. аттуу жаран кармалган. Кармалган жарандын жанынан уурдалган каражаттар алынып, Аламүдүн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.