Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" постунан героин менен кармалгандар 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, УКМК тарабынан Кыргыз жарандары З.Э.З. жана Ш.Э.Ж., ошондой эле Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин аймагына баңги каражаттарынын ар кандай түрлөрүн ташуу жана таратуу боюнча туруктуу канал уюштурган коңшу өлкөнүн жарандары аныкталган.
Натыйжада, 2022-жылдын 13-ноябрында Жайыл районундагы Сосновка постунан 1105 грамм салмактагы героин баңгизатын (кара базарда баасы 5 миллион сомго жакын) ташып бара жаткан жеринен Талас районунун тургундары Ш.Э.Ж. жана бул каналдын уюштуруучусу З.Э.З. кармалган.
Жайыл райондук сотунун чечими менен З.Э.З. жана Ш.Э.Ж мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылды.