Кызыл-Кыяда уурулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарындагы дарыкана жана курулуш буюмдарын сатуучу дүкөндөрдүн ээлери арыз менен кайрылышкан. Алар түн ичинде дүкөндөрүнүн кулпусун бузуп кирип, кассада турган акчаны белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдиришкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуларга жалпысынан 138 631 сом зыян келтирилгени такталган.
Кылмышка шектүү катары З.М. жана А.К. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.