Кино прокаттын тарыхындагы ийгиликтүү тасмалардын бири фантастикалык блокбастер “Аватардын” режиссёру Жеймс Кэмерон аталган тасманын дагы 3 жаңы сериясын тарта тургандыгын билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттарында жазылды.
Маалыматка ылайык, тасма 2016-жылы прокатка чыгарылат. Жаңы Зеландиянын өкмөтү уюштуруучуларга 25 пайыздык салык менен тартуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берген.
“Аватар” америкалык киноакадемиянын 3 сыйлыгын алган жана кинематографиянын тарыхында мыкты фильмдердин катарына кирген.