Бишкектин борборунда бейбаштык кылууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, 1-декабрь күнү саат 22:00 чамасында Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде 25-30 жаштагы адам Б.С. аттуу аял менен уруша кетип, ал аялга жана уулу С.Ага. кол салып, денелерине залал келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен.
Окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери кылмыштуу топтуп активдүү мүчөсү болгон, мурда бир нече жолу соттолгон 1995-жылы туулган жаран Д.А. изине түшүп, ал адамга издөө жарыяланган.
Кечээ, 7-декабрда ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Аламүдүн районундагы сарайлардын биринде 1995-жылы туулган жаран Д.А. кармалып, тергөө органдары тарабынан убактылуу кармоо жайына камалды.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.