Тамада Насият Асаналиев режиссёр Ырысбек Жабировдон кечирим сурап, өзүнүн социалдык баракчасына пост жазды.
"Концерттин алдында мен жөн гана тарыхча тартып жатканмын. Ал эми Ырысбек байке концерттин уюштуруучусу катары сүйлөп жаткан. Бул жакта эч кандай саясат жок. Болгону видеону бирөө кыскартып туруп оппозиция деген сөзүн кошуп чыгарып жибериптир. Мен Ырысбек Жабиров байкемден кечирим сурайм", - деп билдирүү калтырды.
Буга чейин соцтармактарда Насият Асаналиев тарткан видео тарап, кызуу талкууга алынган. Анда Жабировдун куудулдарга "оппозициялык сөздөрдү сүйлөбөгүлө" деген сөздөрүн угууга болот.