Сириядан Кыргызстанга 31 аял жана 65 бала алынып келди

Бүгүн, 8-декабрда Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо боюнча кезектеги "Айкөл-4" гуманитардык миссиясы ишке ашырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер минитсрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, президент жана министрлер кабинети тарабынан коюлган тапшырмаларга ылайык, Кыргызстандын жараны болгон 31 аял киши жана 65 жашы жете элек бала Жакынкы Чыгыштан Кыргызстанга атайын учак менен кайтарылды.

"Кыргыз тарап АКШнын өкмөтүнө атайын операцияны өткөрүүгө ар тараптуу жардам жана бул гуманитардык процессти ийгиликтүү ишке ашыруунун алкагында логистикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине турмуштук оор кырдаалда калган жарандарды репатриациялоо боюнча төртүнчү ири кампанияны өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан