
Коргоочу
Валерий Кичин Кыргызстандын футбол курама командасына кайтып келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда капитан менен башка футболчулар Ысык-Көлдө машыгып, Азия кубогуна даярданып баштады.
Азия кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт. Ата мекендик команда Оман, Сауд Арабия жана Таиланддын курамалары менен F тобунда беттешет.
"Декабрдын орто ченинде команда БАЭге, андан соң Катарга барат. Бул мамлекеттерде Азия кубогуна даярдыктар уланат", - деп айтылат КФСдин билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, Валерий Кичин буга чейин курама команданын капитаны болгон. Ал дүйнө биринчилигине тандоо оюндарына катышуудан баш тарткан. Бул оюндарда Кыргызстандын курама командасы Малайзиянын футболчуларына 3:4 эсебинде жеңилсе, Омандын оюнчуларын 1:0 эсебинде утушкан.