Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Ишенбек Муратбек уулу эл аралык мелдеште коло медаль утту. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Маалыматка ылайык, мелдеш 4-декабрда Катардын Доха шаарында башталган. 14-декабрда жыйынтыкталат.
Белгилей кетсек, спортчу 67 килограммга чейинки салмакта катышкан. Түртүп көтөрүү ыкмасында 134 килограмм жыйынтык менен 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.