Конституциялык соттун төрагасы жана кызматкерлери чет элдик сапарларга туугандарын жиберип жүргөнү аныкталды

Конституциялык сотунун төрагасы жана башка кызмат адамдары тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Конституциялык соттун төрагасы жана башка жетекчи кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы пайдаланып, Конституциялык соттун судьяларынын чет өлкөлүк иш сапарларына арналган чакыруу каттарын жашырып, аларды өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына, ошондой эле чет өлкөлүк сапарларга жакын туугандарын чыгаруу максаттарына пайдаланышкан", - деп билдиришти УКМКдан.

Бул фактылар боюнча УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан