Чэнду-Бишкек-Чэнду багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат

Кыргызстандын Кытайдагы Элчилиги кытай тарап менен жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча, 12-декабрдан баштап Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Чэнду-Бишкек-Чэнду багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз авиакаттам ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул авиакаттамды Кытайдын “Loong Air” авиакомпаниясы жумасына эки жолу (шейшемби, ишемби) аткарат.

Авиакаттам боюнча маалымат:

Рейс № GJ8531

Чэнду (09:15) – Бишкек (12:50)

Рейс № GJ8532

Бишкек (13:50) – Чэнду (20:35)

Жергиликтүү убакыт көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан