Орусияда Honda Fit унаасын башкарып бар жаткан Кыргыз жараны каза болду

Орусиянын Забайкалье аймагында жол кырсыгы катталып, 22 жаштагы кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык узап бара жаткан жылдын 6-декабрында Амур федералдык автожолунун 574-чакырымында болгон. Анда Хонда Фит үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Вольво үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Жыйынтыгында жеңил унаанын айдоочусу алган жаракаттарынан улам жеринде көз жумган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрү учурда каза болгон жарандын жакын туугандары менен байланыш түзүп, керектүү консулдук укуктук жардам көрсөтүүдө.

Макрумдун сөөгү 2023-жылдын 10-декабрында Кыргызстанга алып келинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан