Мыйзамсыз турак жай куруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 10 батир жана 52,4 миллион сомдук 1 коммерциялык жай мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 12 кабаттуу турак үйдү курууда “Бишкек башкы архитектура” жана “Кадастр” мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз документер берилген. Натыйжада “О” ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө 280 орундуу бала бакчанын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруп, сатып жиберген.
Жүргүзүлгөн иштердин алкагында "О" курулуш компаниясынын ээси – Т.И. келтирилген зыяндын ордун мамлекетке толук кайтаргандыктан Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.
Учурда бул фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүүдө.