"Кар жаайт". 9-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 9-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй жергесинде түнкүсүн -7…+2, күндүз -4…+1 даража,

Талас аймагында түнкүсүн -9…-4, күндүз -5…0 градус болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6га чейин жылыйт.

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…+0, күндүз +1…+6,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -10…-5, күндүз -1…+4.

Ал эми борбор калаа Бишкекте маал маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 0…+2 градус болот.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан