UFC: Мыктыбек Оролбай уулу Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдирди

UFC уюмундагы дебюттук беттешинде эле жеңишке жеткен кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай уулу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдирди.

Социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мушкер УКМК төрагасына кабыл алганы жана спортко кошкон салымы үүн ыраазычылыгын билдирди.

"Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!!! Сизге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем, биз менен жолугушууга убакыт тапканыңызга абдан кубанычтабыз. Кабыл алуу жана көрсөтүлгөн урмат мен үүң сыймык. Кыргызстанда спортту жана сергек жашоо образын өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон салымыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сизге чын дилимден чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык каалайм жана спортту өнүктүрүү жана Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн чыңдоо үчүн мындан аркы биргелешкен иштерге ишенем!", - деп жазды мушкер.

19-ноябрга караган түнү Лас-Вегаста өткөн UFC уюмунун турниринде сербиялык Урош Медич менен беттешкен. Кармаштын экинчи раундунда Оролбай уулу атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

Белгилей кетсек, мушкер 15-ноябрда UFC уюму менен келишим түзгөнүн жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан