"Али бүтө элекпиз". Криштиану Роналду уникалдуу рекорд койду

Сауд Арабиянын "Аль-Наср" клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду X социалдык тармагында (мурдагы Twitter) Сауд Арабия чемпионатынын 16-турунда "Аль-Риядды" жеңгенден кийин өзүнүн 1200чү оюнун ойногону тууралуу айтып берди.

"Дагы үч упай! 1200-оюнума чыгууга жардам берген бардык өнөктөштөрүмө ыраазымын. Эмне деген саякат! Бирок биз али бүтө элекпиз", - деп жазды Роналду.

Бул беттеште "Аль-Наср" 4:1 эсебинде жеңишке жетип, Роналду гол киргизип, голдук пас чыгарып берди.

Эл аралык футбол тарыхы жана статистикасы федерациясынын (IFHHS) маалыматы боюнча, Роналду бул деңгээлге жеткен биринчи талаа оюнчусу болду. Ошол эле учурда ал ойнолгон оюндардын саны боюнча футбол тарыхында үчүнчү оюнчу болуп калды.

Буга чейин дарбазачылар Питер Шилтон (1217 оюн) жана Роджерио Сени (1225 оюн) карьерасында көбүрөөк оюн өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан