Токтогулда тургун үч бодо малын жайытка чыгарып, таппай калган. Шектүү кармалды

Токтогул районунда дагы бир мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 4-декабрда Токтогул РИИБге 42 жаштагы район тургуну кайрылып, ушул жылдын октябрь айынын аягында 3 баш бодо малын эртең менен жайытка чыгарып, кечинде таппай калгандыгын билдирген. Натыйжада арыз ээси 160 миң сомдук зыянга учураган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Токтогул районунда өтүп жаткан “Мал уурулук” операциясынын алкагында аталган кылмыш ишинин бети ачылган. Токтогул РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Токтогул районунун Өзгөрүш айыл аймагынын тургуну 1980-жылы туулган С.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Белгилей кетсек Токтогул милициясы буга чейин мал уурулук фактысына байланыштуу 3 баланы кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан