АКШ Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча БУУнун резолюциясын бөгөттөдү

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, "Газадагы гуманитардык коркунучту токтотуу үчүн" баарын жасоого чакырды. Бирок АКШ вето койгонуна байланыштуу Кеңеш жума күнү резолюция кабыл ала алган жок. Мындай маалымат БУУнун сайтына жарыяланды.

Бириккен Араб Эмираттары тарабынан резолюциянын жаңы долбоору сунушталды. Документте гуманитардык себептерден улам ок атышууну токтотуу талабы камтылган.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 13 мүчөсү резолюциянын кабыл алынышы үчүн добуш берди, Улуу Британия добуш берүүдөн калыс бойдон калды. АКШ ага вето койгондуктан документ кабыл алынган жок.

БУУнун башкатчысы Антониу Гутерриш Газадагы гуманитардык система кыйрап, бүтүндөй аймак үчүн оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп эскертти.

Палестинанын БУУдагы өкүлү Рияд Мансур АКШнын Газа тилкесинде ок атышууну токтотууну талап кылган Коопсуздук кеңешинин резолюция долбооруна вето коюусун "өтө кайгылуу" деп атады. Палестинанын премьер-министри Мухаммад Штайе да ушундай эле билдирүү жасады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан