"Париж-2024": Орусиялык спортчуларга Олимпиадага катышууга уруксат берилди. Бирок бир шарт менен

Эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) Орусия менен Беларустун спортчуларына 2024-жылкы Олимпиадага бейтарап статуста катышууга уруксат берди. Мындай маалымат уюм тарабынан таратылган пресс-релизде айтылды.

Анда Орусия менен Беларустун спортчуларына жекече нейтралдуу спортчулар катары Париж Олимпиадасына катышууга уруксат берилген.

Эл аралык федерациялар жана эл аралык спорттук иш-чаралардын уюштуруучулары үчүн ЭОКтун Аткаруу комитетинин 2023-жылдын 28-мартындагы сунуштарына ылайык катуу тандоо шарттары колдонула турганы белгиленген.

ЭОК Париждеги Олимпиадада орус символдорун көрсөтүүгө болбойт деп баса белгиледи. Тыюу 2024-жылкы оюндардын бардык иш-чараларына жана объекттерине тиешелүү.

Париждеги Олимпиада оюндары 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан