Араванда Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери кармалды

Араван районунда Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын (МСЭК) кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Саламаттыкты сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча МСЭКтин мүчөлөрү тарабынан майыптык тобун аныктоо үчүн майыптардан туруктуу негизде акча талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

"Атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Араван районунун аймагында МСЭКтин мүчөлөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу жана алуу боюнча 22 факты катталып, алдын ала эсептөөлөр боюнча бир кабыл алуу күнүндө түшкөн акчанын жалпы суммасы 60-70 миң сомду түзгөнү такталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында МСЭКтин төрагасы А.А.М. жана комиссиянын мүчөлөрү Ч.Э.А. жана Ж.М.З. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан