Анжелина Жоли шал оорусуна чалдыкты

Голливуд актрисасы Анжелина Жоли мурдагы күйөөсү Брэд Питт менен ажырашкандан кийин Беллдин шал оорусуна чалдыкканын моюнуна алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жоли мурдагы күйөөсү менен ажырашкан учурда стресстен улам нервинин нейропатиясын өөрчүтүп алганын айткан.

"Менин организмим стресске абдан катуу реакция кылат. Кандагы канттын деңгээли көтөрүлүп, кайра төмөндөйт. Ажырашуума алты ай калганда күтүүсүздөн Белл шал оорусуна чалдыктым", - деген актриса.

Daily Mail жазгандай, жылдыз соттук териштирүүлөрдөн улам ушул күнгө чейин өзүн эркин сезе албай жатат. Жоли ажырашкандан кийин балдары менен Камбоджага көчүп барып, актёрдук карьерасына чекит койгусу келерин мойнуна алган. Бирок, соттук иштер уланып жатканда, актриса АКШдан кете албайт.

Эске сала кетсек, коомчулук эки жылдыздын ажырашып кеткенин 2016-жылы эле билген. Жылдыздуу ата-эне алты баласына ким камкорчу болоору боюнча бир пикирге келе албагандыктан сот иши бир нече жылга созулуп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан